Жанарым жалын болуп жанса дагы, Журокто арман болуп калса дагы. Сезимим очпойт туура сага деген, Сени ойлобойм мен эми деген менен.
Саргайган санааларым эселеген, Сансыз ойлор санаамды жемелеген. Кайрылып келбесинди мен билбегем, Келбесен да мейли мен куто берем.
Качандыр бир кундордо кездешпесен, Калат белем мен балким таптаза аруу сезим менен. Кокурокто сезим бар баарыбир бир куну келет деген, Кантсем да бир озунду куто берем.
Алыста журсом жол карап куткон, Ден соолук тилеп бир мени куткон. Ал менин апам жаркылдап кулгон, Апапак болгон Алтынай апам.
Апакем менин аялап баккан. Ааламдан тапкыс асылым апам Бар болчу дайым акылман апам. Сагынып жургон суйууктуу апам, Туболук бизге бар болчу Алтыным апам.
Жанымды жараладын откон чакты эстетип. Журогумду бырчаладын бир соз менен серп этип. Коз жашымды тыя албадым молт этип, Коодонумду жарып кетти зырылдатып дурс этип.
Унут болгон кундорумду эске салып, Журоктогу жаратымды тырнап алып. Сезбейсин го жаным сен андайды, Ал бир жанга озунчо бир мун кайгы.
Ал убакта болгон элем секелек. Балалыктын али жыты кете элек, Шок кыз болуп ата-энеме эркелеп, Сезбедин го ал убак да бир озунчо керемет.
А бирок билесинби мага оор ал кунум. Эстегенде желдей ойноп кетемин, Же бир учуп корунбогон булут болуп кетпедим. Эстетпегин ал кундорду а сен баркын сезбейсин.