ЖАКШЫ ТАРБИЯНЫН ЖЕМИШИ Бир аял күйөөсү менен бир канча жыл жашап, балалуу болбой ажырашып кетиптир. Күйөөдөн ажырагандан кийин тим олтура албай эшик алдына бир түп терек тигет. Аны сугарып, түбүн жумшартып, курт-кумурскадан сактап, баласындай бапестеп багат. Ар тарабынан өнүп чыккан бутактарын кесип таштап: "Балам сага мындай жаман кылыктар жарашпайт" - деп күлүп койчу. Күндөр өтүп терек асман тиреп чоңоё берет. Ошол заманда бир падыша өзүнө аксарай салдыра баштайт. Кабат-кабат салынган сарайдын эң жогорку түндүгүн көтөрүп тура турган узун жыгач эч жерден табылбайт. Падыша бүт аймактарга чабарман жиберет, алар андай узун жыгач таба албай кайра келишет. Бир күнү падышага бир аялдын короосунда