Бир байдын арманы.
Эненин балага болгон сүйүүсү эч нерсе менен бааланбайт дагы, алмашылбайт дагы.
Эшиктен кирсең аялың колуңду карайт, эмне алып келиптир деп, энең жүзүңдү карайт, курсагы ач бекен, эмне берсем деп.
Эне тууралуу турмуштан бир окуяны айтып берейин.
Бишкектин чок ортосунда кафеси бар, курулуш материалдарын саткан дүкөндөрү бар, турумушу тың, бай турган бир адам бар.
Мени менен эки жолу ажыга барып келди.
Ошол киши айтат: Бир жолу апам:
➡ Балам, Ташкент жактагы эже-сиңдилеримди көптөн бери кабар албай калдым, бир убактың болуп калганда алпарып келсең, - деп калды.
Бизнести жаңы эле баштаган убагым эле, апама бир аз коё туруң, кичине бутка туруп алалы, анан алпарып келем