Ак көгүчкөн.
1- бөлүм.
Таң атпай эле эмнегедир маанайым суз, бүгүн эмне кылам деген ой жай таптырбай улам-улам башты кагып турду. Негизи көптөн бери жакшы маанай көрө элекмин. Апам ооругандан бери. Апам алтымыш төрт жашта, ашказандан аты жаман ооруга чалдыгып калды. Мен он жети жаштамын, Калия апам мени эки айлык кезимден өзү багыптыр. Өзүмдүн ата-энем мен эки ай кезимде талаадан түн ичинде ат менен келе жатып, ат ала качып, чоң каналга түшүп кетишиптир. Байкуш жалгыз бой апамдын колунан эмне келмек эле, айыл чогулуп таппай коюшуптур. Өйдө жака барып суранып, арыз жазып алар келгенче бир жума өтүп кетиптир. Табышыптыр. Бирок, алып чыгып жатканда бир жума сууда жатып эзилип кеткен экен,