-----Атама.-----
Ар дайым конул арткан,
Ак бата берип жаткан.
Балам деп жылуу созго,
Кун сайын магдыраткан.
Атакем,асыл атам,
Кокурок тоскон аскам.
Кун болуп жылытарсыз,
Ушусом издеп жатам.
Кун-туну иштеп жаткан,
Мээнеткеч мени баккан.
Мен сизге ыраазымын,
Жетилип канат каккам.
Атакем,асыл атам,
Барктуусун конул артам.
Жыгылсам сойонорго,
Кармачу алтын туткам.
Адашсам жол корсоткон,
Акыл соз насаат токкон.
Тар кечуу тайгактардан,
Жанымдан сойоп откон.
Атакем асыл атам,
Жашоого жарык чачкан.
Карызмын бир озуно,
Айласын таппай жатам.
Алтынбек Абдырахманов.