Окуу мөөнөтү таң аткандан күн чыкканга чейин. Багымдат намазы эки рекет сүннөттөн жана эки рекет парздан турат. Эки рекет сүннөт төмөнкүчө окулат:
1. Ниет кылдым багымдат намазынын эки рекет сүннөтүн калыс Аллах үчүн окууга, жүзүмдү кыбылага бурдум.
2. "Аллооху Акбар" - деп эки кол кулак жумашактарына көтөрүлөт, аялдар болсо көкүрөктөрүнө көтөрүшөт. Анан кол байланат.
3. Оң кол сол колдун үстүнө койулуп киндиктин алдына байланат, аялдар болсо көкүрөктөрүнө байлашат. Бул акыбалда төмөнкүлөр окулат: А) Субхаанака аллоохумма уа бихамдика уа табаарокасмука уа таалаа жаддука уа лаа илааха гойрук. Б) Ауузу биллаахи минаш-шайтоонир-рожиим. В) Бисмил-лаахир-рохмаанир-рох