Мевлана Жалалиддин Руми:
Эй адам, эч кимди таарынтпа. Сөздөн катык эч нерсе жок. Дене оор жүктү көтөрө алат, бирок көңүл сөздү көтөрө албайт.
Бутуна кирген тикендер, издеген роза гүлдөрүнөн кабар берет.
Жакшы күндөр сага келбейт, ал күндөрдү көздөй жүгүрөсүң.
Шайтан менен салгылашка тайманбай чыга алам. Бирок, адам шайтанга айланса, мына ошодон корком.
Ийри болсом, жаа сыяктуу дубалга асышат. Түз болсом, ок сыяктуу талааны көздөй атышат.
Сулууну сулуу кылган адеби, ал эми адеп - сулууну сүйүүгө себеп болот.
Сүйгөнүң жүрөккө, досуң аркаңдан саят. Жүрөк айыгат, бирок дайыма бүкүр бойдон каласың.
Таарынуу же араздашуу үчүн шылтоо издебей, сүйүктүү болуу жана сүйүш үчүн чара издегиле.
Адамдарды