Апам үчүн мен бактылуу жашайын!
Оо адамдар бир чоң жумуш жасайын!,
Мага зыян бербегиле атайын!.
Аллах үчүн баарыңарды кечирдим.
Апам үчүн мен бактылуу жашайын!.
Касташкандын кимге бар дейм, кереги?
Мейли башым ийдим, ушул элеби?
Мындан ары буттан чалып жыгытпа!
Апам үчүн бактылуумун себеби.
Кеми бүтпөйт кетирилген катанын,
Тайгак жолду тандап зорго басамын.
Канатымды кайрыса да наадандар,
Апам үчүн күлүп, жашап жатамын.
Ал анткени мен күлбөсөм, апам да,
Күлкү деген эмнелигин унутат.
Зулум чегип жүргөнүмдү билсечи!
Ыйлай берип көз жашыны курутат.
Досум, сен да мени сөксөң, секин сөк!
Жек көрүүңдү апам сезип албасын!
Кыяматтык дос деп жүрөт мактанып,
Чынын билип көөнү кирлеп калбасын.
Ош