Бойго бүтүрүүгө кайсы элдик каражаттар жардам берет? Баланын төрөлүшү ар бир эне үчүн чоң бакыт. Тилекке каршы, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип, кайсы бир себептерден улам бала жытын жыттай албай келген айымдар миңдеп саналат. Балким биз сунуш кылган төмөндөгү элдик каражаттарды колдонуудан кийин өмүр бою чечилбей келаткан маселеси оң жагына чечилип калаар.
Буудай данынын ширесин сыгып ичүү да эркек менен аялдын тукумсуздуктан арылуусуна өбөлгө түзөт. Муну тамак ичээрге жарым саат калганда жарым стакандан 2-3 күн ичүү сунушталат.
Бойго бүтүү үчүн организмде Е витамининин көп болушу талап кылынат. Ал эми бул витаминдин булагы болуп роза гүлү эсептелинет. Демек, бойго бүтүрүүнүн бир ыкма