4 жашар кызын сабаган милицияга кылмыш иши козголуп, кыз энесине өткөрүлүп берилди
=============================
Кечээтен бери 4 жаштагы кызын сабаган зөөкүр атанын видеосу социалдык тармактарга тарап, аялзатын ыйлатып, эркектердин кыжырын келтирип, алигүнчө кызуу талкууга алып жаткан. Ошол видеодогу кызын сабаган ата сөрөй милиция кызматкери болуп чыкты, ага кылмыш иши козголгону боюнча бүгүн маалымат тарады.
Тагырагы, Ташкент шаарында төрт жашар кызын аёосуз сабаган атанын үстүнөн кылмыш иши козголгонун, ал Мирабад райондук милициясынын кызматкери экени аныкталганын, ага «Кылмыш кодексинин» төрт беренеси менен козголгон ишти Чиланзар райондук прокуратурасы карап жатканын Өзбекстандагы