Балдардын түнкү энурезине жардам берчү чөп
огороддук аптека
Сүрөттөгү чөптүн илимий аты амарант, орусча аты ширица, кыргызча ар кандай аталат экен.
Бул чөптү абдан жаман көрөбүз, тамакка деле кошпойбуз, дарылык жайын деле көпчүлүгүбүз билбейбиз. Огород, талаадагы кызылча же картошка айдаган жерлерде, жол боюнда өсөт. Өспүрүм кезим колума кетмен кармап, кызылча талаасында ушул чөп менен күрөшүп жүрүп өттү десем болот. Канча жолу отоп кетсең деле бир жумадан кийин бат эле жайылып, чыга берчү. Бирок Латын Америкасы жана Россиянын айрым жерлеринде амаранттын кээ бир түрлөрү атайын айдалат, анын уругунан атайын май жана ун жасалат. Дарылык жайы абдан сонун. Аптекадан амарант майын таба аласыздар