🚹Болгон окуя...😔
Жолдо авто кырсык болгон экен. Карасам, тез жардам машинасы, тегерегинде адамдар топтолуп турат. Ал жердеги жеңил машинадан 25-26 жаштардагы жигитти чыгарып жатышкан экен. Жигит кара канга боёлуп, денеси эзилип, буту денесинен өзүнчө жаткан эле. Кыйкырып, бакырып, титиреп жатып, бир маалда өзүнүн агасына кайрылып мындай деди:
⬅Өлүүнү каалабайм...ага! мен намаз окуй элек болчум! Коркуп атам...өлгүм келбейт! Шал болуп калсам да мейли, ошондой абалда да намаз окуйт элем!
Адамдар көп топтолуп калган, мен да ошол адамдардын арасында коркуп турдум. Чындыгында коркунучтуу абал эле, анткени биринчи жолу мындай окуяга күбө болдум. Жигиттен болсо дагы деле кан агып жатты. Анын өңү б