Гүлдөрдү аяп, улам бирин абайлап,
Аяр кечип баратсам да тулаңды,
Мөлт-мө лт этип көз жаштары чубуруп,
Буурчактанып, буттарыма куланды.
Ыйлабачы, табияттын чүрөгү ,
Ансыз деле кайгым менен алекмин.
Ар бириңдин көздөрү ңдөн өпкүлө п,
Көңү л улап соорото алаар эмесмин.
Жылыта албай аяздай суз жүрөгү н,
Ак селкимден ызаа тартып барамын.
Көөнү н назик жаратпаптыр табият,
Сендей сулуу жаратса да жамалын.
Сулуулугу назиктикке бап келген,
Гүлдөр, гүлдөр, кандай ыйык жансыңар! ?.
Жигиттерге өмүр шерик жар болбой
Аттиң, неге талаада өсүп калдынар?.