Мен чөгүп бараттым, мага кол сунгандар да болду, мени куткарып чыгарып алгандар да болду, мен аларды бул жерде да алкап өтөм. Бирок мен чөгүп кеттим, түпкө жеттим, мага чындап жашоо, аба жетпей баратты, мен жадагалса өз жашоом менен коштошконго даяр эмес экенимди түшүндүм. Ошол учурда мени эч ким куткарган жок. Мен ошондо чөгүү өлүмдөн да азаптуу, коркунучтуу, бир жылчыгы жок туңгуюк, караңгы экенин түшүндүм. Мага бул жер жакпады, батыраак бул жерден чыгып кетким келди. Бирок кантип? Мен кайсыл жерден адаштым? Мен кантип чөгүп кеттим? Мени ким түртүп жиберди? Мен ойлорумдан адаштым. Мен жылчыктан тийген жарык нурду байкабадым, а мүмкүн ага алымсынбадым. Мен өзүмдү өзүм түпкө сүйрөп бардым. Д