Сагынычтуу санааны,
Сайраса конул канабы,
Ак тамактан жыттаса,
Солдаттын ошол талабы.
Бир жылдан бери корбодум,
Аманбы менин коргонум,
Эстесем журок элжирейт,
Жайдары, жайнап кулгонун,
Шан кулкусун кыздардын,
Женип барып угармын,
Суйгонум тынч журсун деп,
Кардуу октор чыгардым,
Бир жылдан бери ок аттым,
Эсеби жок коп аттым,
Кара ниет немецтин,
Журогуно деп аттым,
Бассам жатсам эрмегим,
Сен учун кылган эмгегим,
Уктабай ойлоп жаткандыр,
Асыл журок сергегим.
Отуп жаткан агымдын,
Куйуп турган жалындын,
Арасында мен журуп,
Жытынды жаным сагындым.
Алп уруп соксо журогум,
Чон казатта журомун,
Канымды тогуп ок отту,
Кыйындыка конгонмун,
Камырабы зирегим,
Ырысын менин жанымда,
Ойн