🥀Жоголгон күйөөм ЗАГСта тоюна камынып жүрүптүр
Бирге түтүн булатып келатканыбызга кырк жыл болду. Аттиң, эмнелер гана баштан өтпөдү. Кээде дале чогуу жашап келатканыбызга ишене албай кетем. Кечээ эле мөлтүрөгөн жапжаш улан – кыз элек. Эми минтип, чачыбызды ак, бетибизди бырыш баскан чоң ата, чоң энебиз.
Бардык кыялдарым орундалды деп айткым келет, бирок, жүрөгүмдүн түпкүрүндө чаң баскан бир кыялым ишке ашпай калган.
Неберем мага жанагы инстаграм деген балекетти үйрөтүп койгон. Бош убактымда кирип, ар кимдин жашоосуна көз жүгүртөм. Күндөрдүн биринде үлпөт көйнөгүн саткан дүкөндүн баракчасы чыгып калды. Дароо кирдим. Мына, кыялымдагы аппак көйнөктөр, биринен-бири өткөн сулуу. Эх, тоюмда с