Кайда барасың? – Ишиң эмне?! Мен бүгүн келбейм... – Андан ары көзүмө көрүнбөй жоголуп кет!.. Эшикти тарс жаап, галстугумду чала байлап, жулкуна машинама түшүп жөнөп калам. Менин күндөрүм акыркы үч жылдан бери ушинтип башталчу болду. Жумушка барам, андан ары кыздар, той, тамаша... Мен качан ушул нерсени адатка айлантып алдым? Адамдар, айрыкча аялдар «акчабыз көп болсо, укмуш жашасак экен...» деп ойлошот. А бирок бечаралар так ошол акча алардын күйөөсүн бузарын билишпейт. Жубайым Наргиза алгач ыйлады, сыздады, төркүнүнө кетип калды балдарды алып, кийин айласы жок көнүп берди. Мен муну өзүмдүн жеңишим деп билдим. «Аял дегенди ушинтип кармаш керек» дедим ого бетер керсейип. Өзүм менен өзүм болуп