~ӨГӨЙ ЭНЕМ ӨЗ ЭНЕМ~
Жаш ыймандуу, түшүнүктүү жигит жаш кызга үйлөндү. Аялы дагы ыймандуу эле. Алар өтө бактылуу жашап жатышты. Келинчеги күнүгө таңда жолдошун намазга ойготчу. Жылдар өтүп, кыздуу болушту. Көп өтпөй келинчеги каза тапты. Азап чеккен жолдошу аялынын кабырына күндө барып, куран окуп келет. Жолдошу апасы менен ымыркай кызды багуу кыйынчылыкты жаратты. Апасы баласына:
" Балам, балким үйлөнөрсүң. Кызыңа эне керек" деди.
Жигит: " Апа сиз эмне десеңиз, ошондой болот." деп
үйлөндү. Үйлөнгөн жары биринчи аялына окшоп кетер эле. Бирок жүрөгү катуу, жолдошунун кызын өз кызындай көрбөстөн, үйдө эч ким жокто аябай кор кылчу. Жолдошунун кызы аны "Апа"-деп атаса, "Мени апа дебе"-деп уруша