ОКУРМАНЫМ АМАНСЫҢБЫ!?
* * *
Жүрөсүңбү оорубастан саламат?
Жакшы жаша, өмүр билсең аманат!
А мен болсо көптүн бири кыбырап,
Таңым атып, кечим кирип баратат.
* * *
Дагы канча кыш күзөтүп, жаз күтөм,
Жайы ысык, күзүн көрөм береке.
Жараткандан бир гана үмүт тилегим,
Чакырганда бачым келгин дебесе.
* * *
Опол тоодой милдетим бар жонумда,
Омкоро албай турам азыр жонунда.
Ашуу ашпай тайам кайра алгалайм,
Муз тайдырып, бороон камайт торуна.
* * *
Мезгил сымал мен да сүрөм өкүмүм,
Сабр жиреп, жетем бир күн ойума.
Урмат Сатарова. М., 2019. 12.19.