Аруу кезде жашаптырсың канымда!
Сүйдүрүпсүң,
акыл-эстен тайдырып.
Сүйбөдүңбү?
Айтор, узап жанымдан,
Сыноо бердиң,
өлөсөлүү жан кылып.
Мезгилинде келип мага сүйүлгөн,
Мезгилинде кетиптирсиң жашоомон!
Балчайган бир чекит коюп сүйүүгө,
Бастыргансың,
багыты жок, баш оогон...
...Азыр деле тил учундай куш кабар
Аңтарчудай бүт дүйнөнү туюлат!
Аңыз кепти айтып берет "усталар",
А мендеги
ойлор учат... зымырайт.
Өткөн күндөн калган белек - элестер!
Мечит өңдүү бөтөн буттар кирбеген.
А ошол кыз эсиңдеби?
Ким билет?
Эрин сүйүү эмне экенин билбеген...
Эрин өбүү эмне экенин билбеген!