Дени сак, сергек жашоону кимдер гана каалабайт? Бирок ал үчүн аракет кылгандар аз. «Сөзсүз ушул дүйшөмбүдөн тартып диетага отурам, спорт менен алектенем, жок дегенде таң эрте чуркап арыктоону баштайм» дегендер канча? А бирок убактысы келгенде күнүмдүк турмуштун түйшүгүнө алаксып, пландалган бойдон кала берет. Урматтуу окурман, дүйшөмбүнү күтпөй эле бүгүнтөн баштап пайдалуу адаттарга өзүбүздү көндүрө баштайлы. Ал үчүн ушул макала жардамчы болсун.
· Эрте ойгонуңуз! Дүйнөлүк статистикага көз чаптырсак, эрте ойгонгон адамдын дене түзүлүшү идеалдууга жакын жана мүнөзү жайдары болот. Бул сизге шык берсин.
· Төшөктөн туруп эле терезеңизди ачып, үйгө күндүн нурун киргизиңиз. Бул сиздин уйкусурабай