Бир күнү деңизде сүзүп бараткан кеме аварияга учурап, чөгүп кетет. Кемедегилердин баары курман болуп, бир гана киши аман калат. Ал да толкун жээкке алып чыккандан кийин гана эсине келет. Эки жагын караса туш тарабын деңиз курчаган кичине аралда калган болот.Бул киши алгачкы күндөрү Кудайга жалбарып, мени куткар дегенден башка эч нерсе кыла албашын сезет. Акыры жан ширин болуп, деңизден балык уулап, оттук таш менен от жагып күн өткөрө баштайт. Жамгырдан коргонуу үчүн чатыр жасайт. Жырткыч жаныбарлардан коргонуу үчүн дарактын шактарынан коргонуучу таяктарды даярдап алат. Күндөрү эгиздей окшош өтө берет. Ар күнү Кудайга жалбарып дуба кылууну адатка айлантып алган. Бир күнү аң уулаганы