《МЕНИ КЕЧИР!》 Автор: Aikapella.
Жаным! Бул мен, сени азапка салып, күнү-түнү ыйлаткан мерез жана таш боор адам. Мени кечир, сенден суранамын. Мен сени мынчалык сүйөт деп ойлогон эмес элем. Чындыгында мен сени эч көңүлүмө илбедим, башкалар менен көңүл ачып жүрө бердим. Кана кайсыл кыз сен сыяктуу өз сүйүүсү үчүн күрөшүп, жигитине берген убадасына түбөлүк тура алат экен? Кана кайсыл кыз сендей болуп убакыттын өтүшү менен жигити башка кыздарга көңүл коюп, ошол кыздар менен сүйүшүп, өзүнүн сүйүктүүсүнө кыянат кылса да сүйүүсүнөн танбай сүйүп жүрө берет экен? Эч кайсыл кыз! Эгер сенин ордуңда башка кыз болгондо эчак эле мени таштап, башка жанга кетип калмак. Эч кайсыл кыз сенин ордуңду баса