1. Турмушка чыгууну кечиктирүү.
Кээ бир кыздар жуучу келгенде, "окуп, дипломдуу болуп алайын" же болбосо, "ишке орношуп материалдык жактан көз карандысыз болуп алайын" деген сыяктуу шылтоолор менен күйөөгө чыгууну кечеңдетип, ал-бул дегиче убактысы өтүп калат.
2. Күйөө тандоодо кайдыгерлик кылуу.
Кыз балдар өмүрлүк жолдош тандоодо өтө зирек болуулары талап. Кээ бир кыздар бейнамаз пасык, араккор болгонуна карабай, бардар жашаган байларды тандашат. Албетте, бул тандоонун аягы көбүнчө бир этек бала менен көз жашын көлдөтүп көчөдө калуу менен бүтөт.
Ошондуктан, биздин пайгамбарыбыз болочок келиндерге күйөөнүн байлыгына, даражасына карап эмес, динине, адептүүлүгүнө жана кулк-мүнөзүнө карап