АКЫЛДУУ ЭНЕ
Акылдуу эне, бооруна тартат келинди,
Мээримиң чачып, сүйгүн деп айтат бегиңди,
Кемчилик сөздү, коргондон сыртка чыгарбай,
Жууп чайкап турат, буугун деп бекем белиңди.
Акылдуу эне, келинин кысат бооруна,
Үйрөтөт баарын, салбастан кайгы торуна,
Ээрчише күлгөн, уул келин жүрсө кубанып,
Жалынып турат, небере, тентек шогуна.
Акылдуу эне, кыздарын багып бапестеп,
Бактылуу бол деп, күйөөгө берет аздектеп.
Эркелик кылбай,, кайненең менен тил табыш,
Насаатын айтат, ойлобо мага келем деп.
Акылдуу эне, жаман сөз элге чыгарбайт,
Кемчилик болсо, туурасын айтып ырастайт.
Кимдерде болбойт, билбестик менен каталык,
Билбедиң дебей, келинин сүйүп кучактайт.
Акылдуу эне, то