"Мен алты кишиге ,алты турдуу суроо берип,бир жооп алганымдан орозо кармадым."
Мухаммад Яманий деген даанышмандан сурашат: "Сиз эмнеге дайым орозо кармап жүрөсүз? - деп. Анда ал жооп берет: "Мен алты кишиге алты түрдүү суроо берип, бир жооп алганымдан, орозо кармадым" - деди. Анда алар кайсы суроолор деп сурашты. Жооп берет:
1-Дарыгерлерден сурадым. Ден соолукка шыпаа тамак кайсы десем, алар: "аз жеп, ачка жүрсөң" оорубайсың деди.
2- Аабиддерден (Кудайга кулчулук ибаадатын кылгандардан) бул даражага кантип жеттиңер деп сурасам "аз жеп, ачка жүрүү" менен дешти.
3- Даанышмандардан канткенде менин сүйлөгөн сөзүм жүрөктөргө таасирлүү болот деп сурасам "аз жеп, ачка жүрүп" сүйлөсөң таасирлүү