Сөз берүү оңой, аткаруу кыйын. Дос табуу оңой, дос болуу кыйын. Жалганга оңой, чындыкка кыйын. Сезимдер оңой, сездирүү кыйын. Сөз менен оңой, иш менен кыйын. Сындыруу оңой, түзөтүү кыйын. Ыйлатуу оңой, соротуу кыйын. Жаралоо оңой, унутуу кыйын. Наадандык оңой, адамдык кыйын. Кыйынга оңой, оңойго кыйын.
Мейли мени айта берсин жаман деп, Ансыз деле ооруп жүргон жарам көп. Жакшы сөздү айталбаган адамдан, Айта берсе чыга берет жаман кеп. Оттой берсин чөп экен деп саман жеп, Ойлошот го акты күнөөлөй алам деп. Өзү билбейт өз түбүнө жетээрин, Өз оозунан чыккан ошол жапан кеп.