Билим издеп, илим жолун уладың.
Жамандыктан жакшылыкты чубадың.
Ислам динин кир дүйнөгө жайылтып.
Кудай колдоп жүрө бергин Чубагым.
Сөздөрүң курч, көздөрүңдө сүрүң бар.
Көөдөндө ар, көкүрөктө күнүң бар.
Канча-канча элдер ээрчийт артыңдан.
Өзү сенин "пааша" болоор түрүң бар.
Айтканың бүт, дегениң бүт акыйкат.
Ар акыйкат, пендеге зор насыйкат.
Сендей аалым керек бизге, себеби.
Акыйкатсыздык пендени акыйтат.
Ар бир сөзү жан дүйнөңө кубаттай.
Адал, таза тоодон түшкөн булактай.
Жүрөгүндө ыйманы бар, көөнү түз.
Өзү бизге башчы керек Чубактай!!!