БИР ТУУГАНДЫКТЫН ОРДУ АЛМАШКЫС. ===================================
Айтылуу Хажаж бин Юсуф үч кишини колго түшүрүп, аларга өлүмгө буйрук чыгарат. Аларды калын элдин алдына алып чыгып, баш алуучу кылычын даярдап эми чабайын дегенде падыша четте ыйлап турган сулуу аялга көзү түшөт. Баш алуучуну токтотуп, ыйлап турган аялды алып келүүгө буюрат. Падыша: "Эмнеге ыйлап жатасыз?" -деди. Аял: "Тиги өлүмгө буюрулгандардын бирөөсү күйөөм, экинчиси иним, үчүнчүсү уулум. Бир боорлорум өлүм алдында турса, мен ыйлабай ким ыйласын." -деди. Падыша ал аялга сый-урмат ирээтинде бирин тандоосун жана аны кечирээрин айтты. Төгөрөктө турган элдин баары уулун тандайт деп турган...