Имам Аъзам Абу Ханифанын атасы Сабит жаш кезинде шар аккан суунун жээгинде даарат алып жатып, суу менен кошо агып келген кооз кызыл алманы көрүп калат.Дароо сууга колун сунуп,алманы кармап алары менен алманы жей баштайт. Алманын даамын сезгенден кийин гана: "Мага таандык болбогон бир нерсени ээсинин уруксатсыз кантип жемек элем" деген ой кылт эле түштү да,дендароо болуп туруп калды. Ошентип,бул алманын ээсин таап,анын алдынан өтүп,акысынан кечүүсүн сурануу үчүн сууну бойлой жогору тарапка карай жөнөдү. Көп узабай эле чоң бакка туш келет.Чындап эле ошол бактын четиндеги бир чоң түп алманын арбайган бутактары суунун дал үстүнө чейин жеткенин жана анын бутактарындагы алмалардын бая эле өзү жеге