Ата ны ыйык дейбиз,бийик турган,
Өз баласын ичине тээп урган.
Божомолдоп,өгөй дегем көргөн кезде,
А,көрсө өз атасы болгон экен.
Бал тили атакелеп турган чагы,
Сүйүндүрүп кыялдары чыккан жаңы.
Эне сүтү кете элек,периштедей,
Куласа да,тыбырчылай,туралбады.
Карап турду,ата болмуш,илең-салаң,
Ачуусунда баланы ичке тепкен.
Көргөндө жаш кулады,токтоно албай,
Бул ким деги,кайдан чыккан айбан?!
Дагы эле,өзүмдү жоготконмун,
Шумдукту мурда,кийин көрбөгөнмүн.
Аттиң ай,бирөөгө кор болгон тура,
Ыйлатты балам жок деп,өксүгөнүн.
Жазасын Жараткандан сураганмын,
Наристенин көз жаштап ыйлаганын.
Жүрөгүмдөн чыгып кетпей,жашап калды,
Билмексендей,кийимдерин кагып алды.
Ээ,аталар,мээримиңди аябагын,
Жемелеп