🔴 ӨЛҮККӨ ӨКҮРҮҮ – КҮНӨӨ ИШТЕРДЕН
Абу Бурда, радыяллаху анху, айтат:
«Абу Муса катуу ооруп эсин жоготту. Башы аялынын алдында эле. Ошондо бир аялы кыйкырып жиберди. Абу Муса ал аялына эч нерсе деп айта албады. Кийин өзүнө келгенден кийин мындай деп айтты:
«Мен Аллахтын элчиси ﷺ баш тарткан нерседен баш тартамын. Чындыгында Аллахтын элчиси ﷺ (башына кыйынчылык келгенде) кыйкырып-өкүргөн, чачын жулган жана кийимин жырткан аялдан баш тарткан». (Бухари, 1234; Муслим, 104)
Кыйынчылыкка кабылганда кыйкырып, өкүрүп, бетин тытып, кийимин жыртып, чачын кыркып жана ар кандай Кудайга акаарат келтирген сөздөрдү айтуу арам экендиги бул хадисте баяндалды.
Кыйынчылык келгенде сабыр кылуу ар бир мус