Сиңдим сага сабак болсун бул сөзүм, Өз жарынды аке дебе күнөөсү көп ЖАНЫМ десең жаны курман болот сага Ысымын айтып чакырбагын уят болот, Аллахымдын мындайларга каары келет Уккандар шылдың кылып күлүп кетет. БЕГИМ дегин бар тапканы сага болор, Ачуу кылып карабагын тик көзүнө Күйөөң сага Пайгамбардай азиз болот. Кулак салгын анын айткан ар сөзүнө. ТАКСЫРЫМ де тагдырыдан ыраазы болсун, Эркек киши устун турат Аялдан көп, Пайгамбарлар баарысы да эркек болгон. Пайына сен тошончу бол ыраазы болсун. УЛУУМ де бар үмүтү сенде болсун ПАДЫШАМ десең көккө жетер кичүү башы. Эл алдыда баш ийбесин жигит ары Сокку бербес жамандардын аткан ташы ЖАШООМ де болгон ою сенде болсун!!! Ш.М.