КАРГАНЫН АЙЫНАН ЗЫЯН ТАПКАН ТОТУКУШ... ••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••
Жаз алды менен дыйкан жерин айдап эгин себет. Күндөрдүн өтүшү менен эгин баш алып, дандары көрүнө баштаган кезде аны келип көргөн дыйкан ошол убакытка чейин аны өстүрүүдө жумшаган мээнети, машакаттары унутулуп кетти да алдыга көптөгөн максаттарды койду. Бирок, көп өтпөй кокусунан дыйкандын тилектерин таш каап, кайдан-жайдан эгинге каргалар келип жей баштаптыр. Алар бул адаттарын күн сайын улантып дыйканды кыжаалат кылды. Айласы кеткен дыйкан алардан кутулууну максат кылып, атып жок кылуу үчүн мылтыгын колго алып эгин талаасына келди. Бирок, "Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман" дегендей ал карг