Анемияга кабылганда жана шалдырап алы кеткенде башка өсүмдүктөрдөй эле герань дагы жардам берет. Бир аш кашык майдаланган жалбырагын бир стакан кайнак сууга 5 мүнөт тыныктырып, чыпкалагандан кийин үстүнө бир аз кайнак суу кошуп күнүнө 3 маал бир аш кашыктан тамакка жарым саат калганда ичүү керек.
*** Герань көз ооруларына да жардам берет. Катаракт болгондо, эгер оору башталганына көп убакыт өтпөсө, анда аны токтотсо болот. Күнүгө бир же эки тамчы герань гүлүнүн жана жалбырагынын ширесин көздүн бурчуна тамчылатып турсаңыз көзүңүздү сактоо менен көрүүсүн жакшырта аласыз. Жалбырактын ширесин тамызуу чылпактаганда, көзүңүз бозомук тартып көрбөй баратканда ж