Алтындан кашык, күмүштөн аяк,
Бирок, урунбайт экен өзүнөн аяп.
Чоң үйдү кулптап, кичи үйдө жашайт,
Баратса дагы, бир топко таяп...
Төбөсү бийик, чоң үйдү салат,
Төркү үйүн көрбөй, өлүп да калат.
Оо, байкуш анан, боз үйдөн узап,
Оо дүйнө жайга ошентип барат...
Мейманын тосот, тамагын камдап,
Ойно деп эшикке, балдарын алдап.
Байкоосуз кирген эси жок уулун,
Ар жакка бар, деп көз кысат жаңсап...
Шайыдан төшөк төрүнө салып,
Хрусталь, кымбат жарыгын тагып.
Кыргызым деги, укмуш элсиң,
Баладан артык, конокту "багып"...
Эскисин үйдөн, жаңысын тойдон,
Киели дешип, бек сактап койгон.
Бир жонго салган, баягы көйнөк,
Жапжаңы турат, илинген бойдон...
Жаңыны үйдө, болбойбу кийсе?!
Жаркырап жашап, төрү