Калыгул олуя: "Чегиртке басаар жериңди, чет жерлик табаар эбиңди. кылычың ташка чабылаар, кытайлар каптап жабылаар"Батасыз калаар элиңер,
Балыксыз калаар көлүңөр.
Корголсуз калаар корооңор,
Кол сунбас жолдош-жороңор.
Ичегиң калар ичкерип,
Ийгилик тураар кеч келип.
Санаасы бузук эл келээр,
Салт-санаа айткан тергелээр.
Жегени таза жерилээр,
Жериңди четтен кемирээр.
Учкундан мурун өрт кетээр,
Улуудан каада-салт кетээр.
Казанга салбай аш бышаар,
Кагазсыз элиң кат жазаар.
Ширеңке чакпай от жагаар,
Шилбилүү төрүң бош калаар.
Тоолоруң калар топусуз,
Сок билек калар сокусуз.
Үйлөрүң болоор үч кабат,
Эшигиң болоор беш кабат.
Көңүлүң өргүп тынч албас,
Өксүсөң эч ким кылчайбас.
Түбөлүк көрөр, жашоосун,
Түз жолго салбас азоосун.
Тыя албай калар катынын,
Каттабай калаар жакының.
Тең ата болоор жаш-кары,
Тебилип