Монолог
Токтот апа,токтот мени эстесең,
Толуп кетти памперсимди чечпесең.
Таң калычтуу артык беле балаңдан?..
Телефонуң тарс жарылып кетсе экен.
Чала канып чоочуп туруп уйкуңдан,
Чарчабайсың ватсап деген сыйкырдан.
Укугумду коргоо үчүн болсо да,
Улутунуп кыйкырганым-кыйкырган.
Туталанып күйүп-бышып арданам,
Телефонго тең болбоду жан балаң.
Которбосоң памперсимди тезирээк,
Кобуранып каргаганым-каргаган.
Калган сымал интернетте бирдемең,
Каран калгыр сүйлөшөсүң ким менен?
Сууруп чыгып бешигимден чечпесең,
Сөгүп-сагып тилдегеним-тилдеген.
Акыркы сөз - азыр көңүл бурбасаң,
Атакемден ашып түшүп жинденем.
Нурлан Кимбилди.