ЭКИ ДОС
Бир дос акчага муктаж болуп экинчи досунун эшигин каккылайт:
-кел досум, ичкериге кир
-жок, рахмат досум, бирөөгө 100 сом карызым бар эле, кайтарып бергени таппай калдым. Жардам кылып турсаң деп келди.
-азыр досум, күтө тур анда.
-рахмат, акча болоору менен, узагы менен бир жумада кайтарам.
-макул, ийгилик. Жакшы бар
Акча берген досу өз үйүнө ыйлап кирет. Аялы көрүп :
-эмне үчүн ыйлап жатасыз. Болбосо бербей эле "жок болчу" - деп койбойт белеңиз
Антсе күйөөсү
-МЕН БЕРГЕНИМ ҮЧҮН ЫЙЛАГАНЫМ ЖОК. ДОСУМДУ КЕЛИП СУРАТПАЙ, ӨЗҮМ БАШТА БАРЫП КЫЙЫНЧЫЛЫК ЖОКПУ деп сурашым керек болчу.
"ДОСУМДУН КАЙГЫСЫН ДОС БОЛУП ТУРУП БИЛБЕГЕНИМ ҮЧҮН ЫЙЛАП ЖАТАМ" - деген экен....
Оо Кудуреттүү Алла Таалам