Бир олуя болгон экен.Анын аялы текебер, ачуулуу экен.Олуя азирети күн сайын түн жарымында тахажуд намазын окуу үчүн мечитке барып, ал жерден биротоло таңкы багымдат намазын окуп, кийин окуучуларга сабак беруу үчүн медресеге өтүп кетет экен. Медреседеги окуучулардын бирине; ” Бар биздикине барып, жене жакшы жатып турдунузбу? Устазыбыз сурап жатат деп кабар алып кел”-деп дайындайт экен. Бир күнү бир окуучу барып; ”Жеңе жакшы жатып-турдуңузбу? Устаз сурап жатат”- дептир. Ал аял: ” Ээ устазың өлүп устазсыз калгыр, ошол бетпакты устаз кылып алганыңа таң калам”-деп бакыра баштаптыр.Шакирт артына бурулуп качыптыр.Жолдо өзүнчө ойлонуп, устазга болгон окуяны айтуу адепсиздик болор деп, медресеге кели