ӨМҮР ӨКСҮГҮ
= 74 =
Эркин бүгүн күндөгүдөн башкача, көңүлү көтөрүлүп уйкудан ойгонду. Ордунан шашпай туруп, кийинип, эшикке чыгып баратып сырткы үйдөн бирөөнү издеди. Үйдөгүлөр баары эле отурат, бир гана анын издеген адамы көрүнбөйт. Аны издеп сыртка чыкты, таппады. Уй саап жүрөбү деп сарайга баш бакты, ал жерде да жок эле. Үйгө кирип баратканда алдынан карындашы тосуп алакандай кагаз берди. Шашып ачып көз жүгүрткөн Эркиндин жүзүндөгү жылмаю заматта жоголду. Ээхх, Эркиндин дагы бир жолу үмүтү талкаланды!
Түн жарымына чейин уктай албай ойдологон Эркин өткөн күндөрүн көз алдынан өткөрдү. Арууке менен бакытка балкып, дүйнөдө алардан өткөн бактылуу адам жоктой ээрчишип жүргөн кү