Хаят Шахиндин койгон адамдарынан эч кайда качып кете албай жүрдү. Бир
күнү белгилүү дизайнердин жаңы коллекциясына фотосессияга тартылууга
сунуш түшүп ошол жерге барышкан. Ал жерде мындан бир нече убакыт
мурун таанышкан актёр жигит өзүнө өнөктөш экенин көрүп кубанып алды.
Анткени ал менен мамилеси жакшы болчу.
-Ооо, Хаят Озган!
-Бураак? Кандайсың?
-Сонун! Кел олтур.
Экөө аябай жакшы сүйлөшүп олтурушту, ал эми Шахиндин койгон адамдары
Хаяттан эки, үч кадам гана алыстыкта жүрүштү. Анткени ким менен кандай
сөз сүйлөшүп жатканын калтырбай Шахинге айтып берүүлөрү зарыл. Тартуу
иштери башталганда съёмка талаасында Хаят Буракты сөз