Бүркүттөрдүн ургачылары келечектеги балапандары үчүн “атасын” кантип тандаганын билесизби? Алгач кургап калган чыбыкты оозуна тиштеп , асманга бийик учуп, айлана баштайт. Жанында болсо келечекте “ата” болом деген талапкерлер ургачы бүркүттү тегеренип учушат. “Ата” болчу азаматтар көбөйгөнүн сезген ургаачы бүркүт оозундагы чыбыкты кое берип, карап турат. Ылдый көздөй түшүп бараткан чыбыкты бүркүттөрдүн бирөөсү эпчилдикке салып, абадан тиштеп, кайра акырын ургаачынын тумшугуна тиштетет. Ургаачы кайра чырпыкты кое берет, эркектер жан талашып учуп, кайра чырпыкты “ээсине” кайтарат. Бул абал бир нече жолу кайталанат. Эгер ургаачы ыргыткан чыбыкты шамдагайчасынан кайр