АК КАЛПАГЫМ, СЫЙМЫГЫМ
Асыл баштын амандыгын сактаган,
Арсыз мүнөз кыргызыма жакпаган.
Аял заты эркектерди кадырлап,
Ак калпагы тепсендиде жатпаган.
Ак калпагым жолду бастың миңдеген,
Аруу тилек Ала-Тоолук эл менен.
Калкаладың түрдүү аба шартында,
Кыргз элим өмр сүрөт сен менен.
Кыл чайнашкан кармаштарда көптөгөн,
Калпакчандын канын суудай төкпөгөн,
Касиети ак калпактын бар эле,
Кылыч кесип, жебе тешип, өтпөгөн.
Кыргыз сөөгү жер астында жатса да,
Канчалаган кылым, доорлор, өтсө да.
Курман болгон жоокериңдин калпагы,
Чирибептир жер астында калса да.
Баштан түшпөй ак калпагы башта да,
Баатыр элдин белгиси эле аскага.
Бабам Манас башындагы ак калпак,
Бийик турган кулдук урбай башкага.
Ак к