Фитир садака. Фитир садакасы канча өлчөмдө, кайсыл нерселерден берилет?
⚠️ ФИТИР САДАКА (же ОРОЗО ЗЕКЕТИ же ФИТР ЗЕКЕТ) — Рамазан учурунда, ар бир мусулмандан, тамак-аш менен, белгилүү өлчөмдө берилчү, милдеттүү садака. Эң жакшы убактысы – Орозо Айт намазынын алдын берилгени. 1-2 күн алдын да бере баштаса болот.
Фитир садака 1 сооъ тамактан берилет. Коомчулукта азык-түлүк болуп эсептелген тамактардын түрлөрүнөн берсе болот. М: күрүч, курма, ун ж.б.
📌 “Сооъ” – бул көлөмдү өлчөй турган бирдик. 1 сооъ = 2,512 л.
Илгери “Сооъ” деп буудай, арпа сыяктуу чубурунду, төгүлмө заттарды өлчөй турган идишти айтышчу. Ошол идишке канча буудай батса – ошончо буудай фитир садакасы катары берилет; канча