_СҮЙБӨСТӨН ӨМҮР СҮРГӨН ЖАМАН_
Келишпес мүнөздөрдү бекип катып,
Жылыбас сезимдерден нени таптык,
Сүйбөскө сүйүүм арнап жашагандан,
Сүйбөстөн жашап өтчү күнүм артык.
__
Кайгырба жалгыз гана калаарыма,
Кайгыдан жаш келбесин жанарыңа,
Сүйө албай койгонуңа күнөөлөбөйм,
Ишенем чын бактыңды таба-а-рыңа.
__
Кечигип келсе деле бакыт жанга,
Таптырып Жаратканым кошор башты,
Сүйбөстөн бирге өмүр сүргөн жаман,
Таныштай болуп калган ошол жакшы.
__
_________КАЙРАТ АШУРОВ_________