"АЖЫРАШУУ-ЖАМАН НЕРСЕ"
Ырк кетирбей, үй-бүлөну сактагыла.
Бир бириңе , жаман сөздү айтпагыла.
Башка конгон, бакыт кушун учурбастан.
Жакшы жашап, бекем кылып кармагыла.
Эң бир оңой, эң бир жеңил ажырашуу.
Таарынышып, эки жолго кадам салуу.
Абдан кыйын, абдан татаал болот кайра.
Кечиришип, мурдагыдай кол кармашуу.
Үй-бүлөөдө казан аяк кагышуулар.
Боло берет, майда барат айтышуулар.
Ошол кезде, кимде сабыр күчтүү болсо.
Мына ошолор, жаратканга жагымдуулар.
Ажырашсаң, бирөөнөргө эр табылат.
Аялзат көп, бирөөнөргө жар табылат.
Ал эми, ортодогу балдар үчүн.
Тагдырына, кыйын кыйын күн жазылат.
Алар кимди, ата дешмек, апа дешмек.
Көз жаш төгүп, ушкурунуп жер тиктешмек.
Ө