КЕЗИГҮҮГӨ ЭМИ ӨЗҮҢ БАГЫТ ТАП
Барктуу болсоң кыялымдан кетпеген,
А мен элем "кадырыңа жетпеген"...
Аттиң бирок, маскарапоз кылыгың,
Ак сүйүүмө чекит коюп, чектеген...
Сезимдерге уу чачкансың жыландай,
Сенек болуп калгам, арга кылалбай...
Өткөн күнгө эми гана өкүнүп,
Турсаң керек көз жашыңды тыялбай...
Мээримимди мерез жанга табыштап,
Мен сыздаган күндөр кеткен алыстап...
Жолдорубуз биригет же бирикпейт,
Эми алдыда өмүрүбүз табышмак...
Керек болсом, ак барчындай чабыттап,
Кезигүүгө эми өзүң багыт тап...
Максат Жангазиев 2011