=ТАРАБА НАМАЗЫ= Алла Таала куттуу рамазан айында кылынган жакшы иштерге жана ибадаттарга бирге миң эселеп көп сооп берээрин убада кылгандыктан, Рамазан айы мээримдүүлүктүн айы, ибадаттардын жана сооп табуунун өзгөчө "сезону" болуп эсептелет. Ошондуктан, Рамазан айынын күндүздөрү орозо тутуу менен, түнү тараба намазы жана башка ибадаттар менен өткөнү абзел. Айрыкча Рамазан айында тараба намаздарында Курани Каримди толук окуп же болбосо баштан аяк угуп өткөрүүгө маани берүү керек. Тараба намазы Рамазан айында гана куптан намазынан кийин жалпы 20 рекет окулат. Тараба намазы эркек-аял дебестен бардык адамдарга карата зарыл сүннөт болуп эсептелет. Ар бир төрт рекет намаздан кийин бир саам