Боорсок жасап жатып алыста калган балалыгымды эстедим. Андан бери 50 жылдай отуп кетиптир, ошондо 10го чейинки эле кезимди алсам… Жакшылыкта, жамандыкта боорсок жасалганда кичинекей балдар кемеге менен камыр жайгандардын ортосунда элекке тизип берген камырды тызылдап ташычубуз. «Токпой ташыгыла» деп зекиген женелерибиз чарадагы боорсоктон козубуз отуп жатканын байкашып «кое тургула, куран окулсун» же «чара толсун, уйдогулор бата кылгандан кийин жейсинер» дечу. Ошол кездеги балдар топук беле, же аябай тартип кучтуу беле «кын» дебей угаар элек. Мына азыр боорсок жасап жатып жанымдагы эки небереме «кое тургула, атан келип куран окусун, анан жейсинер» дедим. Менин созумду алар угушкан деле жок,